Бүгүн, 20-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Анда каттоодон өткөн 79 депутаттын 59у колдоду. 5 эл өкүлү "каршы" добуш берсе, 15 депутат добуш берген жок.
Каршы добуш бергендер:
Сеид Атамбаев,
Медер Алиев,
Дастан Бекешев,
Мирлан Самыйкожо,
Нуржигит Кадырбеков.
Эми документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол койсо, бул маселеге чекит коюлат.