Гүлкан Молдобекова («Альянс» фракциясы): Мыйзам долбоору каралып жатканда шайлоочуларым келип калып добуш берүүгө жетише албай калдым. Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам добоорун колдойм, макулмун. Фракциянын чечимин дагы бергенбиз. Жанар Акаев дагы иш сапарында болгондуктан катыша албай калды.
Азамат Исираилов («Альянс» фракциясы):
Мен дагы катыша албай калгам, мен да колдойм. Стенограмма үчүн айтып коёюн.
Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз округу):
Кечээ мен жок элем, кнопкам (добуш берүүчү) басылбай калыптыр. Негизи мен азыркы өзгөртүүнү колдойм, бирок мен желектин түсү көк болсун деп келем, кийин ошону баары бир киргизем.
Данияр Төлөнөв (Куршаб округу):
Экинчи окууда добуш бергем, үчүнчү окууда компьютерим иштебей калды. Ошондуктан добуш бере албай калдым. Мен толугу менен колдойм.
Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз
кабыл алынды. Анда 90 депутаттын 79у каттоодон өтүп, анын 59у макул, 5 эл өкүлү каршы добуш берген. Ал эми 15 депутат добуш берүүгө катышпай калса, 11и жыйынга
келген эмес.
Мыйзам долбоору каралып жатканда жыйынга катышпагандар:
1. Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»)
2. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»)
3. Жанар Акаев («Альянс»)
4. Фарходбек Алижанов («Альянс»)
5. Дастанбек Жумабеков (Манас округу)
6. Эмил Жамгырчиев («Альянс»)
7. Тазабек Икрамов (Сузак округу)
8. Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»)
9. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»)
10. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»)
11. Эльвира Сурабалдиева (Биринчи Май округу)
Добуш бербегендер:
1. Айгүл Айдарова («Бүтүн Кыргызстан»)
2. Нилуфар Алимжанова («Альянс»)
3. Эмилбек Жусупов («Ишеним»)
4. Русланбек Жакышов («Ишеним»)
5. Азамат Исираилов («Альянс»)
6. Эрулан Кокулов («Ынтымак»)
7. Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз округу)
8. Гүлкан Молдобекова («Альянс»)
9. Марат Мураталиев («Ишеним»)
10. Жалолидин Нурбаев (Араван округу)
11. Нурлан Ражабалиев (Баткен округу)
12. Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл округу)
13. Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»)
14. Данияр Төлөнов (Куршаб округу)
15. Балбак Түлөбаев («Ынтымак»)
Каршы добуш берген депутаттар:
1. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)
2. Сеидбек Атамбаев (Аламүдүн округу)
3. Дастан Бекешев (Октябрь округу)
4. Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу)
5. Медер Алиев («Ишеним»)