Депутат Султанбекова карыларга 13-пенсия берүүнү сунуштады

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова карылардын туулган күнүнө карата өзүнчө пенсия берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү 2-3 миң сом алган пенсионерлер бар экенин айтып, бул сунушту карап көрүүгө чакырды.

“Муну 13-пенсия деп атаса болот. 13-айлык алып жатпайбызбы. Азыр Орусияда дагы ушундай пенсионердин туулган күнүнүн алдында 13-пенсия деп берүү тууралуу мыйзам даярдалып жатыптыр. Бул карыларыбызга аз да болсо жардам болуп калат беле”, - деди Султанбекова.

Ага Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев акыркы 13 жылдан бери пенсия 3-5 пайызга көтөрүлүп келгенин, былтыр пенсия 33 пайызга, быйыл октябрдан тарта 38 пайызга көтөрүлгөнүн айтып, 13-пенсия берүү сунушун ишке ашырууга каражат тартыш экенин кыйытты.

Жогорку Кеңеш 21.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан