Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Бишкек шаары менен боордош Минск шаарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул кадам мамлекеттик деңгээлде гана эмес, муниципалдык деңгээлде да байланыштарды тереңдетүүгө багытталган.
"Калаа башчы эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артышты", - деп айтылат маалыматта.