Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева төрага Нурланбек Шакиевге ашыкча тыюу салып жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.
Жыйында “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Анда Талиева жана башка депутаттар анын аталышын арабча кылбай кыргыз тилинде жазуу керектигин айтты.
Төрага аталышын көп талаша бербей мазмунуна маани берүүгө чакырды. Ал араб тилинен келген көптөгөн сөздөр кыргызда колдонулуп жүргөнүн белгиледи. Андан соң Камила Талиева спикерге анын сөзүнө комментарий бербешин талап кылды.
"Урматтуу төрага, ар бир депутаттын өзүнүн көз карашы бар да. Сизде антип комментарий бергенге укук болбосо керек. Сиз биздин пикирибизге комментарий берип жатасыз. Тыюу салуунун дагы чеги болот да. Мен азыр жумшак айтып жатам. Бири-бирибизди сыйлайлы. Ар ким өз пикирин айта алат да. Анте берсеңер бардык мыйзамды талкуусу жок эле өткөрө берели. Келгиле анда үч окуудан бир өткөрүп салалы", - деди Талиева.
Аны Нурланбек Шакиев “Мен сизге комментарий берген жокмун, жөн эле сүйлөй бересиңерби. Айтышпай отуруңуз, эже” деп какты.
Талиева ага жооп берейин деди эле төрага микрофон берген жок. Атүгүл эгер айтыша берсе регламент боюнча бир айга чейин сөз бербей коюуга укугу бар экенин айтты. Талиева кетпей туруп алды эле “таң атканча турсаңыз да сөз бербейм” деди Шакиев.