Садыр Жапаров Нарында УКМКнын жаңыланган имаратын ачты

Бүгүн, 21-декабрда президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле ал кызматкерлердин жигердүү жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элдин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Мен сиздерге мына ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, - деди президент.

"УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгында жасалган жетишкендиктер туралуу айтып жатып, президент башкармалыктын кызматкерлери Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Кытай мамлекети менен чек ара сызыгын тактоодо, аны коргоодо өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи. Ошону менен бирге өлкөбүздө болуп келаткан ар кайсыл коомдук-саясий учурларда облустагы абалды турукташтурууда, диний экстремисттик чакырыктарга каршы күрөшүүдө, коррупцияга бөгөт коюда чоң жетишкендиктерге жетишти",-деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына ошол 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, бул имаратты короо-жайын кошо толугу менен менен оңдоп-түзөөнү колго алынган. Жалпы жонунан 2 миң метр квадраттан ашык имараты толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 500 метр квадраттан ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы спорттук аянтчалар салынып, тосмолору тосулуп, тиешелүү жерлерге асфальт төшөлдү.

Ал имараттын оңдолуп-түзөлүшү менен бул башкармалыктын ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулай тургандыгына терең ишенимин билдирди.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров башкармалыктын кызматкерлерине ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан