Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, ал буга чейин Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигин жетектеп келген. Ал бул кызматка ушул жылдын январь айында президенттин жарлыгы менен дайындалган болчу.

Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси да болгон. Мындан сырткары, Бишкек шаардык мэриясынын жана президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси кызматтарын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан