Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нуралиев Марат Абдыкеримович Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.