Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Анарбаев Анвар Арсланович Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
41 жаштагы Анарбаев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин жетекчиси болгон.