Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.