Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.
Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.