Президент иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти (делегациянын курамы)

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия Экономикалык Бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, жыйындын алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат;
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан