
Ички иштер министрлиги автоунааларга милдеттүү түрдө видео камера орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Анда министрлер кабинети тарабынан аныкталган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрүн кошпогондо бардык автоунааларда жазуучу прибор (видео каттоо) болушу керектиги белгиленген.
Мыйзам кабыл алынса 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат.
ИИМдин негиздемесинде видео камера укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоо, талаш жараткан жагдайларда маанилүү экени белгиленет.