Канат Сагынбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.