Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев санарип тармагынын жетекчилери менен ушул жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик органдарда санариптештирүү маселелерин тескеген жетекчилердин орун басарларынын кызматтары түзүлдү.
Мындан тышкары онлайн арыз берүү аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу, транспорт каражаттарын кайра каттоо жана ооруганда өргүү алуу сыяктуу бир катар кызматтарды киргизүүнүн аркасында жарандар мамлекеттик органдарга барууну минималдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарды санарип тармагында жетишилген натыйжалар тууралуу калкка жеткиликтүү маалымат берүүгө чакырды.
Маселен, аймактардагы айрым жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды уюлдук телефон аркылуу алууга боло тургандыгы жөнүндө кабардар эмес. Ошол себептүү бардык санарип тармагында иш жүргүзгөн жетекчилерге бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.