Санкт-Петербургдагы ЖЕЭКтин кезектеги отурумунда бир катар документтерге кол коюлду

Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

-“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол картасы”)” тескеме.

-Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясы.

-Евразия экономикалык бирлигинин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө чечим.

-“Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы жөнүндө” чечим.

-"Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" чечим.

-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө” тескеме.

-"2024-2025-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечим

-Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

-"Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

-"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

-"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.

-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө” тескеме.

-"Евразия экономикалык бирлигинин органдарына төрагалык кылуу жөнүндө" чечим.

-"Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө" чечим.

-"Евразия экономикалык бирлигинин бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечим.

-"Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечим.

-"Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан