"Бюджетти айтышса, триллиондоп айтышат...". Депутат Икрамов өкмөттүн тариф саясатын сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин электр энергиясындагы тариф саясатын сындады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-декабрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Икрамов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "байлар байлардай төлөйт" деген сөзүн "электр энергиясына баа көтөрүлөт" деп мүнөздөсө болорун айтты.

"Өкмөт электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрөрдөн мурда, алгач 30 жыл ичинде бул тармакка алынган 1 миллиард доллардан ашык кредит, гранттардын эффективдүүлүгүн жана кайсы багытка жумшалганын инвентаризация жасап, коррупцияга баткан чиновниктерди жазалаш керек эле. Тескерисинче бул тармакты сазга батырган Алексей Ширшов сындуу олигархтар менен кызматташып, алардын кадрларын тегерегине топтоп жатышат. Сартказиев, Данилов, Ширшовдор бүгүнкү күнгө чейин жазасыз калып, алардын тоногонун карапайым элден чыгаруу акылга сыйбайт.

"200 миң муктаж үй-бүлөгө тариф арзандатпасак да, субсидия жасайбыз" деп колко кылгандары Баш мыйзамга каршы келет. Өкмөт субсидия кылганга милдеттүү. Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүмү, 23-беренесинин 1-3-бөлүмү, 24-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-абзацын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тебелеп жатат. Буга чейин "Муктаж үй-бүлөлөрдүн сүрөтүн жарыялайбыз" деп ошол эле Баш мыйзамыбыздын 29-беренесинин 1-бөлүмүн бузган.

Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек. Бюджетти айтышса миллиард эмес, триллиондоп айтышат да, мектеп окуучуларына ысык тамак берүүгө күнүнө 7 сомдон берип жатышат. Триллион бюджетти бар мамлекетпиз, бирок Орусия бизге "мектеп окуучуларынын ысык тамагына" деп15 миллион доллар бөлгөнү нонсенс", - деп жазды Икрамов.

Белгилей кетсек, буга чейин Акылбек Жапаров байларга электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин, ал эми калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин билдирген.

Өлкөдө электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан