Президенттин Орусияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, президент Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Орусия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери "Павловск" коругуна, "Царское Село" жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан