"Быйыл таптакыр өтпөй калды". Парламентте жаңгак маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 27-декабрдагы парламенттин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Жалал-Абад облусунда жаңгак өтпөй жатканын айтып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевге кайрылды.

"Жалал-Абад облусунда жаңгактар быйыл таптакыр өтпөй калды. Анын себеби Кытайдан аткезчилик менен келе жаткан жаңгак болуп жатат. Ушул маселени карап берип койсоңуз" деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылып, быйыл аталган аймакта жаңгактын түшүмү мол болгонун, бирок баасы арзан болуп жатканын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан