Депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу: Депутаттык комиссияга кимдер кирди?

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү парламенттен сураганын бүгүн, 27-декабрда төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын негизинде аталган маселе Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилди. Комиссия түзүлүп, Башкы прокурордун сунушун карай баштады.

Комиссиянын курамына төмөндөгү эл өкүлдөрү кирди.

"Мекенчил" депутаттык тобу — Данияр Төлөнов;

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан — Элдар Сулайманов;

"Ишеним" фракциясынан — Бахридин Шабазов;

"Элдик" тобунан — Кубанычбек Самаков;

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан — Алишер Эрбаев;

"Ынтымак" фракциясы — Бакыт Тентишев;

"Ыйман Нуру" фракциясынан — Султанбай Айжигитов;

"Альянс" фракциясынан — Азамат Исраилов.

Белгилүү болгондой, Башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопко тартууга макулдук берүүнү сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан