Бүгүн, 27-декабрда парламенттин кезектеги жыйынында депутат Эмил Жамгырчиеди жоопко тартууга макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Жыйында сөз сүйлөп жатып, эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков мындай мамиле ар бир депутаттын башына келиши мүмкүн экенин айтты.
"Урматтуу депутаттар, өзүбүздүн абройду өзүбүз төкпөйлү. Динозавр келип бирден-бирден тиштеп алып кете берсе, депутаттардын кайсы аброю калат? Азыр комиссияга адам беребиз, бирок бүтүмдү ушундай чыгарып бергиле, биз колдобогудай бололу.
Мына көрдүңүздөр бир вице-премьер келип, бетибизге канча түкүрүп кетти. Өзүңүз 3 жолу сурандыңыз, бердиби, берген жок өкмөт. Ошон үчүн өзүбүздү-өзүбүз сыйлайлы. Кийинки кезек сага келет, ошону эскертип коёюн", - деди Кадырбеков.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураганын айткан.
Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, Башкы прокурордун сунушун карай баштады.