Нуржигит Кадырбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралардын алкагында айрым мечиттердин жабылып жатканына нааразы болду.

Эл өкүлү мечиттерди дароо эле жаап салбай, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин мөөнөт берүү маселесин кароону сунуштады.

"15 адамдан турган атайын комиссия мечит, чиркөө өңдүү ибадатканаларды текшерип жатат. Мечиттердин имамдары документтерин 1-2 айдын ичинде бүтүрөм деп кол коюп бербесе, дароо эле жаап кетип атыптыр. Билесиз да, 1-2 айда документтерин бүтүрүш кыйын маселе. Бүт бюрократия, каражат да керек, имамдар айлык албайт дегендей. Ошонун мөөнөтүн алты ай же бир жылга узартпайсыздарбы. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган жер ошол мечит. Канча адамдар келип үй-бүлөлүк маселелерин чечип кетет, никесин кыйдырат. Мечиттер жабылып калса кыжаалат болот экенсиң", - деди Кадырбеков.

Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өлкөдөгү айрым мечиттердин ишмердүүлүгү документтерин тууралаганча убактылуу токтотулуп жатканын айтып, бир дагы мечит биротоло жабылбаганын билдирди.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, өлкөдөгү диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалын текшерүү жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында ведомстволор аралык комиссия талап кылынган нормаларга шайкеш келбеген диний мекемелерди убактылуу жабууда.

Жогорку Кеңеш 28.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан