Депутат туу менен гербдин сүрөтүн ич кийим менен байпакка түшүрүүгө тыюу салууну сунуштады

Мамлекеттик тууну жана гербди кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Анда мамлекеттик символдордун сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлар бар экени айтылып, бул атрибуттардын баркын төмөндөтөрү айтылган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 20-декабрда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамды кабыл алып берген. Ага 22-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы Күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгарак төрткө көбөйгөн.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовго таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан