Биринчи Май районуна жаңы аким дайындалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими болуп Улан Сарылбек уулу дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлагандай, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Сарылбек улуу буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Буга чейин аталган райондун акими кызматын Мурат Осмонов аркалап келген. Ал район аймагында интим кызматын көрсөткөн түйүндөр табылгандан кийин кызматтан алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан