Президент инвестицияга байланыштуу талкууларга жооп берди

Мындан бир нече кун мурун президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлорго жана мамлекеттик орган кызматкерлерине кайрылып, анда өлкөдөгү инвестициялык климатка жолтоо болгон айрым жагдайларга токтолгон. Бул республикадагы ишкерлик, сырттан келген инвесторлордун өлкөбүзгө кызыгуусу боюнча жаңы талкууларга жем таштады. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берди.

"Садыр Нургожоевич, сиз жакында эле социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу өлкөбүздөгү инвестициялык климат, ага жолтоо болгон жагдайлар тууралуу кыскача билдирүү жарыяладыңыз. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандагы ишкерлик, чет өлкөлүк инвесторлордун өлкөбүзгө кызыгуусу боюнча талкууларга жол ачты. Алсак, Манас Саматов аттуу ишкер “Ушул дагы президенттин ишиби, аны мен же Иванов, же башка деле жазып кое берет. Президент, парламент, Өкмөт, аким жана башкалар системаны түзүшү керек” деген сын-пикирин билдирди. Ушул боюнча комментарий берип койсоңуз", - деген суроосуна мында жооп берген.

"Ал жигит маалыматы жок болгондон кийин сын-пикир айтпай эле койсо болмок. Система эң сонун түзүлгөн. Ошол үчүн, Кудайга шүгүр, инвесторлор жайнап келип атышат. Инвестиция боюнча атайы өзүнчө агенттик түзүлгөн. Алар тыгыз иштешүүдө. Андан сырткары, Экономика жана коммерция министрлиги дагы инвесторлор менен иштеп атат. Аймактарда дагы иш жүрүүдө. Негизи жаман эмес, жакшы эле.

Болгону анча-мынча алдамчылар сырттан келген инвесторлорду алдап койгон фактылар болуп жатат. Мисалы, кечээ жакында эле 20 млн доллардан ашык сумманы инвестордун өзүнө чыпчыргасын коротпой кайтартып бердик.

Эми дагы бир ишкер россиялык инвестордун 14 миллион долларын алдап алыптыр. Аны кайтартуу процесси жүрүп жатат", - деген Жапаров.

Президент өз сөзүндө майда - чүйдө мындай фактылар көп экенин билдирген. Ал ага түшкөн арыздардын көптүгүнөн улам соцтармактагы баракчамдан инвесторлорго кайрылуу иретинде билдирүү жазып койгонуна токтолгон.

"Анан эмне кылайын? Тиги жигиттин ою боюнча, былтыйып олтура берейинби?

Мурдагы президенттерди дагы ушундайлар бузган. “Сиздин деңгээлиңиз эмес, сиз бийиксиз, майда-чүйдөлөргө көңүл бурбашыңыз керек” деген сыяктуу сөздөрдү кулагына куя беришип, тигилер: “ии, чын эле мен кийлигишсем, уят экен, менин ишим эмес турбайбы” деп көптөгөн адилетсиз иштер болуп адашкан.

Мен алардын катасын кайталабашым керек. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” дейт. Ар бир майда-чүйдө болсо да иштерди көзөмөлдөп, туура, адилеттүү чечип берип, инвесторлорду коргоп турушум керек", - деп билдирген Жапаров.

Ал миллиондун тегерегиндеги Кыргыз жарандары сыртта жүргөнүн, алардын арасында жеке өздөрү инвесторлорду тартып келген фактылар бар экенин айткан. Келишимдери аткарылбай алданып жатканына байланыштуу инвесторлор биринчи кезекте өкмөттүк мекемелер менен иш алып барганга басым жасагыла деп кайрылганын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан