Өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кеткенин билдирди. Ал элди саясаттан оолак болуп, маданиятты көтөрүүгө жана билимди арттырууга үндөдү.
Президент эл соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин белгиледи.
"Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары пайда болду. Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат. Мындан улам руханий өзөгүбүзгө кайтууга мезгил жеткенин баса белгилеп кетейин. 30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу”, - деди Жапаров.
Ошондой эле ал узап бараткан жыл өнүгүүгө бет алган окуяларга бай болгонун белгиледи. Мамлекет башчы өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, эл-журттун ыйман ынсабы артышын, ар бир үйдө жаңырган жылга айтылган каалоо-тилектер кабыл болушун каалады.