Ички иштер министрлигинде өзгөрүлгөн желек көтөрүлдү (сүрөт)

Бүгүн, 1-январда Ички иштер министрлигинде Кыргызстандын өзгөрүлгөн желеги көтөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Токтоналиев, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин башчысы Тилек Түкебаев жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

"Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жаңы 2024-жыл менен куттуктап, өзгөртүүлөр киргизилген желегибиз желбиреп турушун, элибизге тынчтык, мамлекетте өнүгүү, өлкөбүзгө бакубатчылык каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан