Бүгүн, 1-январда Ички иштер министрлигинде Кыргызстандын өзгөрүлгөн желеги көтөрүлгөнүн мекеменин басма сөз кызматынан билдирген. Ага чейин "Ала-Тоо" аянтында да жаңыланган желек илингени тууралуу маалымат тараган. Бирок бул боюнча Бишкек мэриясы азырынча расмий маалымат бере элек.
ИИМдин имаратына илинген туу
ИИМдин имаратына илинген желектин сүрөтүнөн президент кол койгон варианттагы желек эмес, башка желек илингенин байкоого болот. Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койгон тууда түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада, ажыратылган абалда болчу.
Бүгүн илинген желекте күн нурлары алкагына бириктирилип турганы байкалат. Тагыраагы күн нурлары төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов эң алгач сунуштаган варианттагыдай болуп турат. Бирок түндүктүн ичине бир чамгарак кошулган.
1992-жылы кабыл алынган Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик туусу
2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген жаңы туу