Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун президентти сыйлап колдоп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.
Эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна биринчи окууда каршы добуш берген. Бизге берген маегинде да ушул пикирди карманарын билдирген. Бирок кийин ою эмнеге өзгөргөнүн төмөндөгүчө түшүндүрдү.
"Биринчи окууда тууну өзгөртөбүз дегендер “эмнеге өзгөртүп жатасыңар?” деген суроолорго далилдүү жооп бере алышкан эмес. “Күн карамага окшоп калыптыр” деген аргумент мени ынандырган эмес, ошого каршы добуш бергем. Ал эми 2-3-окууда колдоп бергенимдин себеби – демилгечилер 2 айдан бери элге түшүндүрө албай жаткан нерсени президентибиз элдик курултайда эки сөз менен эле түшүндүрүп койду. “Туубузда каталар бар экен, ошону эле оңдоп-түзөйбүз” деди. Курултайдан кийин өзүм да адабияттарды, тарыхты карап чыктым. Чынында чоң боз үйлөрдүн түндүгүнө 4-5тен чамгарак коюлган экен. Илгери Алымбек датканын же Ормон хандын мезгилинде боз үй алардын азыркы тил менен айтканда кеңсеси, администрациясы болгон да. Чоң боз үйлөрдүн чамгарактары көп болгон экен. Бул деген үй ошончолук бекем, туруктуу болушуна шарт түзгөн. Ал эми биздин эски желектеги 3 чамгарак кичинекей боз үйлөргө гана коюлуп жүрүптүр. Президенттин сөзүн эске алып, өзүмдүн иликтөөмдөн жыйынтык чыгарып колдоп бердим. Желектин азыркы көрүнүшү көзүмө кооз көрүнүп жатат", - деди Самаков.
Ошондой эле ал элдин оюн эске алдым деп эсептей турганын кошумчалады.
"Мен бир райондон шайланган депутат болсом, президент элдин 80 пайызынын добушун алган. Президентти сыйлап колдоп бердим. Президент өзү жоопкерчилик алып жаткандан кийин ага ишендим. Негизи ар бир чечимдин эки тарабы болот, мисалы, бармагыңа тикенек кирип кетсе врачтар “кой, мунун колу ооруйт, чыгарбай эле коёлу” дебейт да. Колу кесилип кетпеши үчүн, оорутса да, операция кылып болсо да тикенекти чыгарышат. Бул окуяда да, балким, айрымдарга эски көйнөгү жакшы көрүнүп жаткандыр", - деди эл өкүлү.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.