Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 автоунаа тапшырды

Бүгүн, 2-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 12 автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Анын ичинен Chevrolet Cobalt — 9, Mercedes-Benz Sprinter — 2, Lada Niva — 1 унаасы берилди.

Камчыбек Ташиев автоунаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык берилип жаткандыгын айтты.

Ошондой эле өздүк курамды жаңы жылы менен куттуктап, бул жылы Сузак милициясына жаңы имарат салынаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы жеңил автоунаалар аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө, райондук ЖКККБга, Mercedes-Benz Sprinter Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан