Президент Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухитого жана премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Бул апааттан жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат телеграммада.
Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.
Анын кесепетинен 50гө жакын адам каза болуп, дагы 16 киши жабыркаган. Ошондой эле кеминде 110 имарат жабыркаган.