ТИМ Казакстанда манжа изин каттоо боюнча жаңы жобо күчүнө киргенин эскертет

ТИМ Казакстанда манжа изин каттоо боюнча жаңы жобо күчүнө киргенин эскертет.

Министрлик “Манжа изи жана геномдук каттоо жөнүндө” мыйзамынын манжа изин каттоого тиешелүү жоболору күчүнө киргендигине бурду.

Тактап айтканда, ушул жылдын 1-январынан тартып он алты жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Бул жол-жободон өтүү Казакстанда болуу үчүн төмөнкү документтерди даярдоодо милдеттүү болуп саналат:

1. Казакстан Республикасында туруктуу жашоого уруксат;
2. Чет өлкөлүк жарандын Казакстан Республикасында жашоого уруксаты;
3. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
4. Убактылуу жашоого уруксат;
5. Казакстан Республикасынын визасы (башында Казакстан Республикасынын аймагында алынган жана узартылган);
6. Башпаанек издеген адамдын күбөлүгү;
7. Качкындын күбөлүгү;
8. Качкындын жол жүрүү документи.

Өлкөдөн чыгарылууга тийиш болгон же Казакстан тарабынан ратификацияланган реадмиссия жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык келген адамдар да манжа изин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.

Манжа изин каттоодон өтүүдө чет өлкөлүктөрдүн же жарандыгы жок адамдардын өздүгүн тастыктоочу документи, ал эми ал жок болгон учурда өздүгүн тастыктаган күбөлүгү жана дакторегистрацияга жолдомосу болушу керек.

Манжа изин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүдөн баш тартуу Казакстандын чегинен административдик түрдө чыгаруу түрүндөгү административдик жоопкерчиликке алып келет.

Манжа изин каттоо жүргөн жери боюнча миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

ТИМ Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандарына манжа изин каттоо боюнча Казакстандын мыйзамдарын сактоону катуу сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан