Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, 36 жаштагы К.к.А. аттуу айым 2-январда операция жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген.
Ымыркайлардын салмагы- 2 килограмм 80 грамм, 2 килограмм 340 грамм, 2 килограмм 140 грамм.
Наристелердин жана апасынын абалы туруктуу экени айтылды. Белгиленгендей, учурда алар кам көрүүнүн экинчи этабында.