Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын төрагасы Оцудзи Хидэхисага жер титирөөдө көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан сиздерге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы жапон элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”-деп билдирди төрага.