Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Айыл банктын" директорлор кеңешине мүчө болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим банктын акционерлеринин былтыр 29-декабрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган. Жаныбеков директорлор кеңешиндеги Нурай Марстын ордуна келди.
Белгилей кетсек, Аскарбек Жаныбековду былтыр 25-декабрда президент Садыр Жапаров башка жумушка которулганына байланыштуу, кызматтан алган.