Бүгүн, 8-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, жолугушууда тараптар Глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу саммитинде карала турган маселелерди талкуулашты. Ага Бейшеналиев да катышат.
Исламабад шаарында 10-11-январга белгиленген саммитте жугуштуу оорулардын коркунучтарына жооп бере ала турган жана алдын ала турган күчтүү жана туруктуу коомдук саламаттык сактоо системасын куруу боюнча глобалдык аракеттер талкууланат.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Пакистандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана медициналык университеттерде студенттерди алмашуу программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле фармацевтика тармагындагы кызматташуу, атап айтканда Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары өнүктүрүү максатында Глобалдык саммиттин алкагында тиешелүү тараптар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү белгилүү болду.
Ушундай эле тариздеги жолугушуу былтыркы жылдын октябрь айында да өтүп, анда элчи Алымкадыр Бейшеналиевди Пакистанда өтө турчу саламаттык сактоо боюнча саммитке катышууга чакырган.