Бүгүн, 9-январда жазуучу, жарандык активист Олжобай Шакирдин иши Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат.
Эске салсак, 23-августта жазуучу, активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.
24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралып, соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.
Эртеси күнү, тагыраагы 25-августта Улуттук коопсуздук комитети анын интернетке жарыялаган постторунан массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар аныкталганын маалымдаган.
Анда Олжобай Шакирдин Фейсбук, ТикТок жана Ютуб баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган активдүү чакырыктарды жарыялап турганы айтылган.