Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Ишкердик субъекти тарабынан мыйзам бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө мораторий киргизилсин.
2. Министрлер Кабинети укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүү эрежелерин регламенттөөчү мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Жогорку Кенешке киргизсин.
3. Башкы прокуратура укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн.
4. Президенттин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.