Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту.
Паламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.
Өз кезегинде Хакан Фидан да эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле жолугушууда маданият, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларга тиешелүү маселелер көтөрүлдү.