"Видеону көрүп, мен өлтүргөм го деп ойлодум". Чынтемир Аширалиев каргашалуу окуя эсинде жок экенин айтты

Бүгүн, 10-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамдын өлүмүнө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин соту өтүүдө.

Соттук отурумда Аширалиев каргашалуу окуя толук эсинде жок экенин айтты.

"Мага тергөөчүлөр подъезде болгон видеону көрсөткөндө мен өлтүргөм го деп ойлодум. Менин эсимде жок, мүмкүн аларды мен өлтүрдүм, мүмкүн мен эмес. Эсимде жок", - деди Аширалиев.

Ал ошондой эле күнөөнү жарым-жартылай моюнуна аларын айтты. Сот эмне себептен жарым-жартылай күнөөнү моюнуна алып жатканын сураганда төмөндөгүдөй деди: "Менин күнөөм ал жерде болгонум жана качып кеткеним деп ойлойм. Бул пландалган деп айтып жатышат. Менде андай ой жок болгон. Мен жаман оюм жок эле Алтынай эженин үйүнө баргам. Мен даярданган болсом кепка кийип, бычак көтөрүп бармакмын", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан