"Айылдар жоголуп кетүү коркунучунда". Депутат Өмүрзаков себебин айтып берди (видео)

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ички миграция маселеси курч болуп жатканына токтолуп, өкмөт айылдарга көңүл бурбаса жаштарды кармоо кыйын болуп турганын билдирди.
Эл өкүлү Кыргызстандын айылдары алдыңкы 10-20 жылдын ичинде жоголуп кетүү коркунучунда турарын айтып, элетти өнүктүрүү боюнча чоң программаларды түзүп, бюджеттен көбүрөөк каражат жумшап жаштарды тартуу керектигин белгиледи.
Аймактарга өзгөчө көңүл бурбасак, келечекте айылдарды жоготуп алабыз. Бюджеттен көбүрөөк каражаттарды региондорго жумшап, жумуш орундарын түзүү зарыл болуп турат. Айылда жаштар калган жок, чет өлкөнү айтпай эле коёюн, Бишкекке келгендер кайра кайтпай жатат", - деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал шаарга көп адам чогулгандыктан унаа тыгыны, экологиялык көйгөй жаралып жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 11.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан