"Топ тепкендей ойнотуп". Депутат Чойбеков "Унаа" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн сынга алды

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков "Унаа" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн сынга алды.

Эл өкүлү кезек күткөн жарандар көп, тейлеген кызматкерлер аз болуп жаткандыгын айтты.

"Ошондой эле унаа каттоодо мүлккө төлөнгөн салыктардын квитанциясын сурап жатыптыр. Бул жарандарды ашыкча убарагерчиликке салууда. Аталган ишкана толук кандуу санариптештирүүнү ишке ашыруусу кажет. Бир мамлекеттик органдан экинчисине топ тепкендей жөнөтүп, жарандардын убактысын алып, кыйнап жатышат”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 11.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан