Жогорку соттун судьялары шайланды. Алардын бири 2013-жылы Садыр Жапаровду актаган

Кечээ, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Анын айтымында, мамлекет башчысы Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыев

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку соттун судьялыгына шайлашты. Тиешелүү токтом кабыл алынып, шайланган судьялар парламентте ант беришти.

Мыйзамга ылайык, Жогорку сот төраганын үч орун басары жана 31 судьядан турат. Президент Сот адилеттиги боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт, андан кийин беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Элмира Байтикова

Элмира Байтикова 1958-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Медербек Сатыев

Медербек Сатыев 1974-жылы 3-мартта туулган. КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Сокулук районунда судья болуп иштеп, кийин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган.

2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ал ошол кезде экинчи судья, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге Жогорку Кеңештин ошол маалдагы депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча актаган. Кийинчерээк эки судья тең “кылмыш ишин кароодо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы үчүн” кызматынан бошотулган.

Сатыев 2015-жылы Республика – Ата-Журт партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. 2020-жылдын 20-октябрында президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, 2021-жылдын 7-майында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2021-жылдын 3-июнунан 2022-жылдын сентябрына чейин президенттик аппараттын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан