Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 11-январда өлкө башчы Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Аталган мыйзамдын максаты - “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” өлкөнүн мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу", - деп жазылат анда.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирери кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан