Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (10-январь 2024-жылы) мыйзамга кол койду.
Маалым болгондой, мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ага ылайык, “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдарды Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.