Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдө эң жогорку упай алды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, рекорд жаратты. Бул тууралуу "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын жыйынына катышкан "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.
Анын айтымында, мекеме 2021-жылдан бери жаңы программа боюнча тестирлөө жүргүзүп келет.
"Биз депутаттарга башкаларга үлгү болуп кыргыз тилинен тест тапшырып коюуну суранганбыз. Кадырбеков жаңы жыл алдында 90 депутаттын ичинен биринчилерден болуп тестти ийгиликтүү тапшырды", — деди Батма Топоева-Ставинская.
Ал белгилегендей, экзамен боюнча эң жогорку балл мурда 86,8 болчу. 2022-жылы эң жогорку 91,6 упайды Улукбек Абсаматов алса, 2023-жылы Кадырбеков тестирлөөдөн 96,8 балл топтоп, рекордду жаңылады . Ага тесттен өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырылды.
Жогорку Кеңеш 12.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан