Шандор Дороги: "Айтматовдун чыгармалары Венгриядагы орто мектептерде окутулат"

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев да катышты. Баарлашууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

Төрага Шакиев быйыл Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 32 жыл толорун айтып, мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле экономикалык байланыштардын деңгээли өтө төмөндүгүн белгилеп, бул багытта жигердүү иш алып барып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары ал, "Кыргыз жана венгер акын-жазуучуларынын чыгармаларын эки тилге которуп, руханий байланыштарыбызды чыңдашыбыз зарыл" деди.

Шандор Дороги да айтылган сунуштар өтө маанилүү экенин белгилеп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Венгриядагы орто мектептерде окутуларын кошумчалады. Муну менен катар венгер акыны Шандор Петёфинин чыгармалары жакында эле кыргыз тилине которулуп, басылып чыкканын маалымдады.

Ошондой эле эки өлкөнүн алакасы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын айткан элчи, “Ушул жылдын февраль айында сиздин Венгрияга пландалган иш сапарыңыз саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө терең ишенебиз” деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан