Өлкөдө жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзамга бир катар мыйзамдар интеграцияланган: “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” (дарылоо бөлүгүндө), “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө”, “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө”, “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жөнүндө”, “Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө”, “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө”.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы боюнча мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш караган учурда экинчи окууда кошумча ченемдер киргизилген, анда тирүү донордун органдарын алууга, эгерде ал реципиент менен генетикалык байланышта болсо, (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо) жол берилет.

Генетикалык байланыш деп чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелерине чейин (ата-энеси, балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси ар башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси, чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелери, неберелери, чөбөрөлөрү, башка кандаш туугандар) жалпы ата-бабалары бар адамдардын министрлеркабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү документтердин негизинде ырасталган тууганчылык байланыш түшүнүлөт.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан