Садыр Жапаров: "Сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз"

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар тууралуу пикирин "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анда журналисттин "Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырдыңыз. Обончу жигиттин композитор аталып калышы соцтармакта сыйлыктар боюнча ар кандай талкууларга жол ачты. Ушул сыйлыктарды жоюп эле салган жакшы дегендер да чыкты, жок калтырып, бирок тандоо талабын катаалдатуу керек дегендер да бар. Сиздин көз караш кандай бул маселеге?" деген суроосуна өлкө башчы төмөндөгүдөй жооп берди.

"Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен.

Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип, бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз.

Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз. Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат" деп жооп берди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан