Садыр Жапаров "Кемпир-Абадчылар" боюнча айтканына түшүндүрмө берди

Бүгүн, 15-январда өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда ал учурда коомчулукта кызуу талкуу жараткан бир катар окуяларга токтолуп, Элдик курултайда "Кемпир-Абадчылар" тууралуу айткан кебине түшүндүрмө берди.

Президенттин мамлекеттик "Кабар" агенттигине курган маегинен үзүндү төмөндө:

"Кемпир-Абадчылар” деп аталган саясатчылардын соттук иштерин ачык эле кылбайбы деп айрым соцтармак колдонуучулар пикир билдиришүүдө. Акыркы Элдик курултайда алардын артында кайсыл бир өлкөнүн элчилиги турат дедиңиз эле. Ошону ачыктай аласызбы?

Мен Курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын. Ал сөзүмө чапташып алып эле кайсы элчиликтен акча алдык деп жарга такай бериштин кереги жок. Бизде үч жолу революция болду. Биринчи эки революцияда тең сырткы күчтөр каржылады. Алар кимдер экенин элдин баары билет.

Үчүнчү революция эч ким күтпөгөн жерден болуп кетти. Биз сырткы күчтөрдөн акча алган жокпуз. Эл өзү колдоп берди. Ошол үчүн бүгүн биз эч кимге көз карандысыз болгон көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатабыз. Эгер биз да кайсы бир сырткы күчтөргө көз каранды болуп калсак, анда биз деле алардын айтканын кылып, өлкөдө эч нерсени алдыга жылдыра алмак эмеспиз.

"Кемпир-абадчылар" арасынан кимиси кайсы сырткы күчтөр менен дайыма жолугушуп жүргөнүн, канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билбемиш болуп атышат.

Эске салсак, былтыр 15-16-декабрь күндөрү II Элдик Курултай болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан